Экономика боюнча Нобел сыйлыгын быйыл эки окумуштуу бөлүп алат

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык окумуштуулар Томас Шеллинг менен Роберт Ауманга ыйгарылганы жөнүндө бүгүн жарыяланды. Аумандын теги Израилден. Алар - соода жана бизнестеги карама-каршылыктарды чечүүгө багытталган теорияны чыгарганы үчүн сыйланды.