Кытайлык космонавттардын беш күндүк сапары уланууда

Кытайдын “Шенчжоу-6” космостук кемеси аалам койнундагы сапарын улантууда. Эки космонавтуу кеме космоско шаршемби күнү беш күндүк миссия менен учурулган. Кытайда жасалган кемени минген кытайлык биринчи космонавт 2003-жылы орбитада 21 саат болуп, жерге аман-эсен кайтып келген.