Азери оппозициясынын өкүлү Украинада кармалып турат

Көп жылдар сүргүндө жашаган Азербайжандын Демократиялык партиясынын башчысы Расул Кулиев 6-ноябрда Азербайжанда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн мекенине бараткан жолдо кечээ Симферопол аба бекетинде камакка алынды. Анын камакта экендигин Украин полициясы ырастады.