Милиция кызматкерлерин өлтүргөндүгү шектелген үч адам кармалды

БИШКЕК. Бишкек шаарындагы Свердлов ички иштер кызматы үч милиция кызматкерин өлтүргөндүгүнөн жана бир катар банктарды талап-тоногондугунан шектелген үч адамды кармады. Мындай маалымат Бишкек ИИБинин күзөт бөлүмүнөн алынды. Жаз айларында «Экобанк» жана «Аманбанк» коммерциялык банктарынын сактык кассаларын тоноо болуп, анда үч милиция кызматкери өлтүрүлгөн.