Жаңылыктар Нигерия авиакырсыктын курмандыктарын эскерүүдө 24-Октябрь, 2005 Нигерияда ишемби күнкү авиакырсыкка байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Кырсыкта 117 адам, анын ичинде Батыш Африка мамлекеттеринин жооптуу кызматкерлери, Нигерия президентинин жардамчысы жана АКШлык дипломаттар каза болушту.