Орусия Сирияга санкция киргизүүгө каршы чыкты

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Жакынкы Чыгыш сапарында жүргөн анын маалымат катчысы Михаил Камынин бүгүн Сирияга каршы чараларды киргизүү аракеттерин токтотуу үчүн баардык аракет жасалат деди.

Кошмо Штаттары жана Франция Бириккен Улуттарда Сирия Ливандын мурдагы өкмөт башчысынын өлүмүн иликтөөдө кызматташпаса, ага карата санкция колдонууну караган резолюциянын долбоорун таркатышкан эле.