Д. Үсөнов: “Бир да чарчы метр жер берилбейт”

БИШКЕК. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун айтымында, мындан ары башкалаадан бир да чарчы метр жер берилбейт. Бул тууралуу жер басып алуучулардын 30дан ашык өкүлү менен ал бейшембиде өкмөт үйүндө болгон жолугушуу учурунда билдирди. Алгач өкмөт үйүнүн жанына 200дөй адам жер бөлүп берүү талабы менен пикетке чыгышкан. Алар 25-сентябрда Тунгуч кичирайонунун артындагы участокту ээлеп алып, өз ара бөлүштүрүп алышкан. 26-сентябрда милиция аларды күч менен тараткандан кийин өкмөт үйүнүн алдына жер берүү талабы менен келишкен. Данияр Үсөновдун айтымында, башкалаада бош жерлерге жалаң кабат үйлөр салынат жана мындан ары жер берүү талабы менен митинг же пикет уюштургандарга катуу чаралар көрүлөт.