27-октябрда парламенттин алдында пикетте тургандар нааразылык акциясын токтотушту. Маалымдоо каражаттары кримдүйнөнү саясат талаасына алып чыгышууда. Утурумдук бийлик чечкинсиз келет. А. Акаев канча акча уурдаган? Кыргыз басылмаларында өлкө башынан кечирген кысталыш кырдаал кайрадан талдоого алынууда.
Жума күнкү «Агым» гезитинде «Метаморфоза» деген макала жарыяланды. Тажикстандагы жарандык уруш кантип чыкканына токтолгон басылма «бул тарыхый чоң трагедия бизге сабак болчу түрү жок. Себеби кыргыздар ХХ кылым ичинде эки чоң тозокко кабылып, 16-жылкы Үркүндө, 41-жылкы Мекен согушунда саны абдан бөксөрүп кеткенин билген жаңы бийлик күндөлүк кыйтыр саясаттын көлөкөсүндө отурганы түшүнүксүз», деген бүтүмүн ортого салат.
Басылманын ырасташынча, «Курманбек Салиевич же кримавторитеттердин чабышын атайылап билбегендей түр көрсөттү же премьер-министр менен Рыспектин эки ортосунда калып, чындап эле кимге болушарын билбей, «оңго барса – аты, солго барса өзү өлөрүнө» мээ чириткен жомок кейипкериндей чайналып турду».
«Кыргызстанда тынчтыкты, бакубатчылыкты орнотуу үчүн түзүлгөн юридикалык эмес, саясий эмес, эржигиттик, элдик тандемдин бир өңүрү – Ф.Куловго тике күнөө тагып, борбор аянтта ага жихад жарыялоо – бул, кримдүйнө жедеп көрпай акча артынан түшүп алган он беш жылдык бийликтин утурум чиновниктеринин башына чыгып алып, эки жаатташып жатканы саясый абсолютчулук. Якубинчилер да кезинде биздеги сыяктуу бийликти ээнбаштардын алдында мөңкүрөтүп бергени, андан Франция дээрлик чейрек кылым оңоло албаганы тарыхта белгилүү эмеспи», деп жазат Жолдошбек Зарлыкбеков.
Айрым маалымдоо каражаттары криминалитеттин чоң саясатка киришине жол ачып берүүдө, деп билдирди белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун. Бейшембидеги «Лица» гезитинде жарыяланган билдирүүдө укук коргоочу бул ишке «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев да аралашып, мурдагы көнүмүшү менен сүрмөтоп жыйынга чыгып, багытын өзгөртүп алганына токтолгон.
Гезитте жарыяланган маегинде укук коргоочу Рамазан Дырылдаев жаңы бийликтен чет өлкөдөн келгенден эле көңүлү калгандыгын «Менин маалыматым боюнча, Акаев 4 миллиард доллар уурдаган» деген маегинде билдирген. Анын ырасташынча, апрель айынын башында орусиялык коопсуздук кызматы Кантта күчтүү жабдууларды коюп, аны менен Бишкекте болгон кеп-сөздөрдү орусиялык коопсуздук кызматы угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун президент К. Бакиевге билдирген. «Эч кандай жооп алганым жок», дейт Р.Дырылдаев.
А. Акаевдин алтындары Либерияда катталган «Вика» фирмасынын ээлигинде. Акыры алтындын дайнын табабыз. Швейцариянын мыйзам сактоо органдары издеп жатышат. Бул ишке АКШнын Федералдык иликтөө бюросу да тартылган. «Менин маалыматым боюнча, Акаев 4 миллиард доллар уурдады. 2 миллиардын кредит катары алды, алардын кайда кеткени белгисиз. 2 миллиард доллар гуманитардык жардамга келген. Кайда алар? Алар жолдон эле уурдалып, дарегине жеткен эмес. Бул акчанын баары Акаев үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнө түшкөн», дейт Р. Дырылдаев.
Конституциялык кеңештин иши ойдогудай жүрбөй жатканы тууралуу 27-октябрдагы «Жаңырык апта» гезитинде коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин маеги жарыяланды. Анын пикиринде, «азыр кырдаал мурдагыдан да өсүп, бир чети Тажикстандын, экинчи Колумбиянын вариантында кетип жатат. Бир иш болсо эле президент кетсин, өкмөт башчы кетсин деп чыгышат. Мындайды токтотуш керек».
Жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин маеги жарыяланды. Анда 17-июндагы башаламандыктар, 24-марттагы бийлик алуунун чоо-жайы тууралуу кеп болот. Парламент комиссия түзүп, 8-ноябрга чейин иштебей турган болуп, депутаттар жер-жерлерге тарап кетишкенин 28-октябрдагы «Аалам» гезити маалымдады.
Кыргызстан коммунисттеринин жетекчилеринин бири Анарбек Усупбаевдин «Мен ушундай көрүнүштөргө кейийм» деген аталыштагы маеги да басылманын жаңы санында жарыяланган.
Ал эми жума күнкү «МСН» гезитинде Л. Жолмухамедова кыргыз коомчулугу ыңкылап менен ойной башташкандыктары, оюндан от чыгары оңой экендиги тууралуу ой жүгүртөт.