Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Иран президентинин сөздөрүн кескин сынга алды

Президент Махмуд Ахмадинежад Израил жер үстүнөн жексен болууга тийиш деп билдирген эле. ООНдун баш катчысы Кофи Аннан муну катуу айыптап, уюмга кирген өлкөлөр башка мамлекеттерди опузалаганга жана күч колдоном деп коркутканга укугу жоктугун эске салган болчу. Иран Коопсуздук Кеңешинин позициясын “алгылыксыз” деп атады. Тегеран бийликтери бул позицияны ага “сионисттер таңуулап” жатканын белгилеп, ошол эле учурда Ирандын Израилге кол салуу планы жоктугун билдирди.