Ооганстандын шайлоо комиссиясы сентябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары ар кандай мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар көп түшкөндүктөн кечеңдеп жатат, деп билдирди. Грант Киппендин айтымында, комиссиянын дарегине 500гө жакын доо арыз түшкөн. Азыр алардын бардыгы текшерилип жатат. Адегенде добуш берүүнүн санактары 19-октябрда даяр болот делинген. Эми болсо жыйынтык ноябрь айында белгилүү болоору маалымдалды.