Кыргызстанга АКШнын аскерий кол башчысы келди

БИШКЕК. 1-ноябрда Бишкекке АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жон Абизейд иш сапары менен келди. Бул күнү Джон Абизейд президент Курманбек Бакиев, коргоо министри Исмаил Исаков жана коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин командачысы, генерал-полковник Мырзакан Субанов менен жолукту. Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы аскердик, коопсуздук тармактарындагы кызматташууларды жакшыртуу боюнча пикир алышышты. Президент Курманбек Бакиев Жон Абизейд менен болгон жолугушуусунда Ганси авиабазасынын Бишкекте жайгашуу шарттарын кайра карап чыгуу маселесин козгоп, бул боюнча Кыргызстандын долбоору даяр болуп калганын маалымдады. Президент ошондой эле Ганси авиабазасы ачылгандан бери АКШ тарабынан Кыргызстанга берилген акчалай жардамдарды иликтөө ишине көмөктөшүүнү өтүндү.