БИШКЕК. 2-ноябрда опера жана балет театрында маданият кызматерлеринин күнүнө арналган салтантаттуу жыйын өтүп, ага мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов катышты. Анда бир катар өнөр адамдарына мамлекеттик наамдар жана сыйлыктар тапшырылып, “Кыргыз маданияты жана маданият жылдыздары” деген жаңы тартылган даректүү тасма көргөзүлдү. Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган иш чаралар өткөн ишембиде башталып, бул алкакта сүрөтчүлөрдүн “Коңур күз” “Маданият – жаңыча көз караш” деген аталыштагы көргөзмөлөрү, искусство чеберлеринин чоң программадагы концерттери уюштурулду.
Маданият министри Султан Раев шаршембиде “Азаттыкка” берген маегинде учурда кайрадан түзүлгөн министрликтин алдында айыл маданиятын көтөрүү, профессионалдык искусствону рефармалоо, укуктук-нормативдик базаны түзүү сыяктуу багыттар турганын белгиледи.