БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев өкмөт башчы Феликс Кулов экөөбүз кучакташпайбыз, өбүшпөйбүз, бирок тандемдин бардык шарттары аткарылып жатат, деп билдирди. Анын пикиринде, айрым саясатчыларга окшоп кучакташып, кайра артынан жаман айтуу алардын мүнөзүнө туура келбейт. Курманбек Бакиев тандемдин юридикалык күчү жоктугун мойнуна алды, бирок келишимде айтылган бардык шарттар толук аткарылып жатат Мамлекет башчы Конституциялык кеңешмеде сунушталып жаткан премьер-министрлик кызматты жоюу жөнүндө сунуштарга каршы. Ал парламенттик башкаруу системасына өтүүгө да макул эмес. Президенттик-парламенттик республикада жашап көрөлү, деди Курманбек Бакиев. Ал эми өкмөт башчы Феликс Кулов премьер-министрилик кызматты жойуп, америкалык башкаруу моделине өтүү үчүн Констиуцияны түп тамырынан өзгөртүп, кайра президенттик шайлоо өткөрүш керек, деп кошумчалады.