Өзбек оппозициясы Маскөөгө кайрылып, Ташкенди колдобоого чакырды

Өзбек оппозициясынын жетекчилеринин бири Нодира Хидоятова кечээ күнү Маскөөдө журналисттер менен жолугуп, орус өкмөтү өзбек жетекчилигин колдобош керек деп билдирди. Анын айтымында, андай колдоодон пайдаланып, өзбек өкмөтү азыр билгенин кылууда:

- Эмне үчүн өзбек жетекчилиги азыр Орусияга кайрылды? Анткени Америка менен Батыш Европа өз эшиктерин жаап салды. Орусия азыр - Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү деп эсептейт. Бирок Өзбекстанда ыңкылап чыкса, же өкмөт алмашса, анда эмне болот? Анда Өзбекстан кайрадан Америкага кайрылат жана Маскөө Борбор Азияны таптакыр жоготот.