Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 7-ноябрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу, күндүз +11...+16 градус. Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +11....+16 градус. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +7...+12 градус. Ал эми Нарын жергесинде түнкүсун -2ден...-7 градуска чейин суук болот. Күндүз +7...+12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Борборубуз Бишкекте күн ачык болуп, батыш тараптан мелүүн жел жүрүп турат. Абанын температурасы: түнкүсүн 0...+2, күндүз +14...+16 градус жылуу.

Жекшембилик кабарларды Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Шайырбек Эркин уулу