Ирактын батышындагы Сирия менен чектеш аймактагы Хусайба деген шаарда өкмөттүк жана америкалык аскерлер менен жергиликтүү жоокерлер ортосундагы салгылашуу үч күндөн бери уланууда. Америкалыктардын айтымында, 36 лашкер өлтүрүлдү жана дагы эки жүздөй киши туткунга түшүрүлдү. Америкалыктар тарабынан бир аскер курман болду. Багдад шаарынын борборунда болсо бүгүн эки мина жарылды. Ирак президенти Жалал Талабани бүгүн Рим шаарына келди, ал Италия жетекчилери жана папа Бенедикт менен жолугат.