Франциядагы тополоңдо кыргызстандык атуулдар да жабыркаган

БИШКЕК. Франциядагы тополоңдон жабыркаган кыргызстандыктардын бар-жогу тууралуу Франциянын расмий бийлиги менен кабарлашып турабыз, деп билдирди Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинин консулу Арсланбек Үмөталиев 8-ноябрда “Азаттык” радиосуна:

-Азырынча Франциядан расмий кабар жок. Биз Франциянын бийлиги менен кабарлашып турабыз. “Газета kg” агенттиги тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын эки жараны тополоңдун кесепетинен материалдык жактан жабыр тартышыптыр.

Кыргызстандагы айрым басылмалар, тополоңдо Францияда иштеп жүрүшкөн Мирлан аттуу жигиттин автоунаасы талкаланып, дагы бир кыргызстандык атуулдун нан жасоочу ишканасы өрттөлгөндүгүн маалымдашкан.