БИШКЕК. Парламенттик башкаруу системасындагы Жапониянын тажрыйбасы Кыргызстанда Конституциялык реформаны жүргүзүүдө пайдалуу болот. Жапония Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүгө жана реформаларды жүргүзүүгө көрсөткөн көмөгү жогору. Мындай пикирин 9-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Жапониянын парламенттик делегациясы менен болгон жолугушуусунда билдирди. Төрага делегация мүчөлөрүн Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал, конституциялык реформанын жүргүзүлүшү, парламенттин ишинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды. Өмүрбек Текебаев белгилегендей, жаңы парламент тарабынан бүгүнкү күнгө чейин 92 мыйзам долбоору иштелип чыкты. Төрага учурда президент менен премьер-министрдин Жогорку Кеңеш менен иштешин жакшыртуу керек деген да пикирин айтты. Тараптар Кыргызстан менен Жапониянын парламенттери ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча пикир алышышты.