Ислам Каримов келерки аптада Орусияга барат

Орус президентинин улук кеңешчиси кечээ өзбек президенти Маскөөгө эки күнгө келээрин билдирди. Орусиянын "Время новостей" гезитинин жазышынча, эки өлкөнүн ортосунда жаңы кызматташтык келишимине кол коюлушу күтүлүүдө. Октябр айында Орусияда болгонунда, Каримов Маскөөнүн Анжиян окуяларынан кийин өз өкмөтүнө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирген эле.