Жак Ширак тополоң-тоздон сабак алууга чакырды

Франциянын президенти эки жумадан бери толкундоолор каптаган жакыр аймактардын проблемаларын өлкө тез арада чечиши керек деп эсептейт:

Тегибиз ким болбосун, баарыбыз - Республиканын балдарыбыз. Ошондуктан баарыбыз бирдей укукка ээ болушубуз керек. Албетте баарыбыздын милдеттерибиз да бирдей. Ар бир адамдын урмат-сыйга жана теңдикке укугу бар.