Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын тегерегиндеги сүйлөшүүлөр Бэйжинде майнапсыз аяктаганы кабарланды

АКШнын өкүлү Кристофер Хилл 3 күндүк сүйлөшүүлөр пайдалуу болду, бирок Пхеньянды куралсыздандыруу планын иштеп чыгыш үчүн дагы убакыт талап кылынат, деп билдирди. Кытай тарап сүйлөшүүгө катышкан алты өлкөнүн өкүлдөрү жакында кайра чогулаарын кабарлады.