Кыргызстан АКШнын атайын программасына кабыл алынышы ыктымал

БИШКЕК. Кыргызстан АКШнын Миң жылдыктын чакырыктары программасынын босогосундагы мамлекеттердин катарына кирди. Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев тастыктады. Анын айтымында, бул тууралуу президент Курманбек Бакиев менен АКШнын элчиси Мари Йовановичтин 11-ноябрдагы жолугушуусунда белгилүү болгон. АКШ департаменти бул программага демокартиялык жараяндар жүрүп жатат деп эсептеген 25 мамлекетти кабыл алган. Миң жылдыктын чакырыктары программасынын алкагында Грузия быйыл 300 миллион доллар, Армения 250 миллион доллар жардам алды. Америка өкмөтү демократия жолундагы өлкөлөргө экономиканы көтөрүп, жакырчылыкты жоюуда жардамдашуу үчүн мындай программаны 2004-жылы ачкан.