Барскоондуктар Кумтөрдүн электр кубатын өчүрүүнү болжошууда

БИШКЕК. Эгерде Барскоондуктардын өкмөткө, “Центерра-Гольд” компаниясына койгон талабы аткарылбаса 15-ноябрда жергиликтүү тургундар Кумтөргө өтүүчү электр энергиясын токтотот. Бул тууралуу “Карек” бейөкмөт уюмунун төрайымы Эркингүл Иманкожоева билдирди. Барскоон кырсыгынан жабыр тарткан беш айылдын тургундары Барскоон-Кумтөр жолун 10-ноябрдан бери тосмоолго алып турушат.