АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Израилге келди

Израилге келип, өлкө жетекчилиги менен жолуккандан кийин, АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бүгүн - Газа тилкесинде Палестина менен Израил ортосунда жаңы чек ара түйүнү ачылат деп жарыялады:

- 1967-жылдан бери алгачкы жолу палестиналыктар өздөрүнүн чек арасы аркылуу өтүп жаткан адамдарды эми өздөрү көзөмөлдөй алат. Эл аралык эрежелер менен түзүлгөн Рафа чек ара түйүнү 25-ноябрда ачылат.

Израил өз аскерлерин жана жөөт айылдарын Газа тилкесинен сентябрда чыгарып кеткенден кийин, чек ара түйүндөрү боюнча маселе чечилбей келген.