БАТКЕН. Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы “Таза суу” долбоорунун Баткен шаары боюнча иштери аягына чыгууда. Мындан ары өз нугу менен 27 чакырым аралыктан агып келген ичүүчү суу менен Баткен шаары эле эмес анын айланасындагы бир катар айылдар да камсыз болушат. Мындай маалымат Баткен облустук элди таза суу менен камсыздоо департаментинин башчысы Ысман Мамадиевден алынды. Буга чейин Баткен эли жер астынан насос менен сордуруп алынган сууну ичип келишкен. Учурда жаңы курулган түтүктөрдү жана суу чогултулуучу кудуктарды сыноодон өткөрүү үчүн сууну агызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө ичүүчү суу менен камсыздоо департаментинин электр энергиясынан 3 миллиондон ашык карызы бар. Баткендин бардык аймактарында сууну ушундай өз нугу менен алып келүү аракети тездетилсе электр кубаты кыйла үнөмдөлө турганын Баткен облустук элди таза суу менен камсыздоо департамент башчысы Ысман Мамадиев билдирди. “Таза суу” долбооруна облус боюнча 130 айыл кирип, анын 55инде иш жүрүп жатат, ал эми 22 айылда суу түтүктөрү толугу менен бүткөрүлгөн. Эң кыйын делген Баткен шаарындагы жумушка 50 миллион сом сарпталган.