Ошентип, 1960-жылдардан бери алгачкы жолу солчулдар менен оңчулдардын өкмөтү түзүлүп, Ангела Меркел Германиянын тарыхындагы биринчи аял-канцлер болуп калат. Анын талапкерлиги парламенттин шейшемби күнкү жыйынында колго салынат. Меркелдин христиан-демократтар партиясы менен канцлер Герхард Шрөдөр жетектеген социал-демократтар сентябрда өткөн шайлоодо өз алдынча өкмөт куруу үчүн жетиштүү добуш ала албай калган.