АКШ конгрессинде демократиялык лидерлердин бири Жон Мерта Ирактан америкалык аскерлерди тез арада чыгарууга чакырды

Багытты өзгөртө турган мезгил келгенин, аскерлер жоготууга учурап жатканын айтып, конгрессмен өлкөнүн келечеги тобокелдикке туш болду, деп билдирди. Ирактагы уруштар, Мертанын Кошмо Штаттарынын, ирак элинин жана бүткүл Перси булуңунун кызыкчылыгына каршы келери айкын болду. Ак үй буга жооп кылып, Вьетнам согушунун ветераны Мерта учурунда Ирактагы операцияны жактап добуш берип, эми ага каршы чыгып жатканын белгиледи.