Тунисте технология самити аяктады

Катышуучулар өнүккөн өлкөлөр менен өнүгүп келаткандардын ортосундагы дигиталдык же маалымат технология жаатындагы айырмачылыкты жоюга макулдашышыты. Кечээ аяктаган үч күндүк жыйында талкуу көбүнесе интернеттин айланасында жүрдү, ошол эле убакта Сенегалдын президенти Абдулайе Уейд бүткүл Африкадагы телефондордун саны Нью-Йорктун борбору Манхэттендеги телефондордун санынан аз экендигин эскертти. Чек арасыз кабарчылар тобу Түркмөнстанды, Өзбекстанды, Беларусту жана дагы 12 өлкөнү Интернеттин душмандары деп жарыялаган жарнама илди. Ошондой эле бир нече уюм, ишканалар жарды өлкөлөрдүн балдары үчүн 100 доллардык көтөрүп жүрмө компьютерлерди массалык түрдө чыгаруу планын жарыялашты.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады