Бишкек-Кумтөр жолун тосуу токтоду

БИШКЕК. 18-ноябрда түштөн кийин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов баштаган топ нааразылык акциясын уюштуруп жаткандар менен жолугушуу үчүн Барскоонго барды. Барскоондогу “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын 19-ноябрда “Азаттыкка” билдиргенине караганда жолугушууда Медетбек Керимкулов бир миллион АКШ доллары “Кыргызалтындын” эсебине түшкөнүн, келерки жылдын март жана август айларында дагы бир миллиондон, жалпысынан 3 миллион 700 миң доллар берилээрин айткан. Учурда бул акчаны элге таратуу жолдору изилденүүдө. Ушундан соң эл Кумтөргө кетчү жолду ачышкан. Бирок жолду ачышканы менен алар азыр деле тараша элек. Алар айтылган сумманын 2 миллионун жаны жылга дейре берүүнү жана акча мамлекеттик уюмдардын эмес, “Карек” бейөкмот уюумунун эсебине которулуусун талап кылышууда. Бул акча Барскоон кырсыганан жапа чеккен беш айылдын калкына узак мөөнөттөгү үстөксүз кредит катары берилет.

10-ноябрдан тарта Барксоон, Тосор, Тамга, Чоңжаргылчак, Кичижаргылчак айылдарынын тургундары Бишкек-Кумтөр автожолун экинчи жолу тосуп, Барскоон кырсыгына байланыштуу Канадалык ишканага тогуз талап коюшкан.