Президент Бакиев коргоо тармагына 1млн. 200 миң сом берди

БИШКЕК. Кыргызстандын коргоо тармагындагы кезектеги аскерий окуу жылын жыйынтыктоо максатын көздөгөн жыйындар аяктады. Бир аптага созулган бул жыйындардын акыркысы Койташ аскер гарнизонунда өтүп, ага президент Курманбек Бакиев катышты. Анда сүйлөгөн сөзүндө Бакиев өлкөнүн коопсуздугун коргоо үчүн Кыргызстанга кубаттуу аскер тармагы керек экендигин белгиледи:

- Биз үчүн анчалык чоң болбосо да, ыкчам, кесипкөй, анан эң башкысы, аскерий руху күчтүү, куралды, техниканы мыкты пайдалана билген аскерий күч керек.

Жолугушууда президент үч үй-бүлөгө турак үйдүн документин тапшырды, өзүнүн резервдик фондунан 3 аскер бөлүгү үчүн 1млн. 200 миң сом бөлгөнүн кабарлады. Бул жолугушууда коргоо министри Исмаил Исаков президент жана башкы командачыга тапанча белекке берди.