Ирактын президенти оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр

Ирактын президенти оппозициячыл саясатчылар жана бийликтен кулатылган “Баас” партиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Жалал Талабани бирок Ирактын күрттөр менен шийилер үстөмдүк кылган өкмөтү ушу тапта ирактыктар менен АКШ аскерлерине кол салып жаткан күчтөр менен сүйлөшпөйт, деп белгиледи. Улуту боюнча күрт Талабани бул тууралуу Каирде өтүп жаткан Араб Лигасынын конференциясында жарыялады.