Сибирь-Тынч океан мунай боросу курулат

Орусия Жапония жана башка өлкөлөргө мунай сатуу үчүн Сибирди Тынч океан менен туташтырган боро курууга ниет кылууда деп билдирди, президент Путин бүгүн Токиодо:


– Чыгыш Сибирди Тынч океан менен бириктирген боро курулушу келечектүү. Биз Азия-Тынч океан регионун, анын ичинде Жапонияны мунай менен камсыздоо максатында Тынч океандын жээгине чыккан боро курууну пландап жатабыз.