Эки айдан бери оозун тигип, ачкалыкта отурган Дүйшалиев нааразылык акцияны токтотот

БИШКЕК. 23-ноябрда Чүй облусундагы №47 колонияда эки айдан бери оозун тигип, сот адилеттигин талап кылып ачкалыкта отурган Ысыккөл облусунун тургуну Досумбай Дүйшалиев ачкалык акциясын токтотот. Бул тууралуу 22-ноябрда президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Дүйшалиев Балыкчы шаардык соту тарабынан Ысыккөл облусундагы Чоң Сарыой айыл өкмөтүндөгү «Ынтымак» кооперативинин жетекчиси болуп иштеп турган учурда ири өлчөмдөгү акча каражатын өз кызыкчылыгында пайдаланган деген күнөө менен Балыкчы шаардык сотунун чечимине ылайык, 15 жылга эркинен ажыратылган. Эми Дүйшалиевдин аппеляциялык арызы Чуй облустук сотунда каралат.

14-октябрда Караколдогу сизодон Бишкектеги колонияга которулган Дүйшалиев ачкалык акциясын токтотоорунун себептери жөнүндө «Азаттыкка» телефон аркылуу мындайча билдирди:

- Мен бул жерге президенттин өкүлү катары Турсунбек Акун келип, сот иши акыйкат каралат деп айткандан кийин ачкачылык акцияны токтотууну чечтим. Буга чейин сот жараянына да оозум тигилген бойдон барайын дедим эле. Эми мен чындыгында эле сот иши адилет каралышына ишенемин.