Германиянын алгачкы канцлер айымы Ангела Меркел шейшембиде ант берди

“Мен бардык күчүмдү Германия калкынын баркын көтөрүп, жамандыктан коргоп, конституцияны кыйшаюусуз аткарууга жумшап, бардыгыңарга калыс болууга сөз берем. Жараткан колдосун!”, - деп Меркел айым Бундестагда чогулган христиан-демократттар алдында ант берди. Консервативдик партия жетекчиси Меркел айым бийлигин тапшырган экс-канцлер Шрөдердин социал-демократтары менен бирге коалициялык өкмөт түзмөкчү. Ал Германиянын экономикасын көтөрүп, жумушсуздукту кыскартуу, АКШ менен алакаларды жакшыртуу ниетин алдыга коюуда.