Түркмөнстан Кытайга газ экспорттойт

Бул тууралуу өлкөнүн президенти Сапармурат Ниязов КМШ жана Балтика жээгиндеги өлкөлөрдүн темир жол компанияларынын жетекчилиги менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Кытай менен Түркмөнстан 2006-жылы келишимге кол коюшат. Түркмөнстан Кытайга Өзбекстан жана Казакстан аркылуу 30 миллиард куб. метр газ сатууну пландаштырууда.

Дүйнөдөгү соңку кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан жана Айданбек Акмат уулу даярдашты