КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жолугушат

БИШКЕК. 25-ноябрда Москвада КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны болот. Ага Кыргызстандан премьер-министр Феликс Кулов баштаган топ катышмакчы. Жыйында КМШ курамына кирген өлкөлөрдүн ортосунда адам аткезчилигине каршы күрөшүү, автоунаа каражаттарын уурдоо жана аны уурдалган тарапка кайтарууну камсыздоо, жаштар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүүрүү сыяктуу маселелер боюнча документтерди жактыруу күтүлүүдө. Мындан сырткары электр энергиясы, соода-сатык, КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине байланышкан маселелер да талкууланат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан 24-ноябрда кабарлашты. Өкмөт башчы Феликс Кулов шейшембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө аталган жыйындын алкагында Орусия тарап менен күйүүчү майга байланышкан маселе боюнча да сүйлөшөөрүн билдирген.