26-ноябрда эртең менен Кытайдын Цзянси аймагында күчтүү жер титирөө болду. 5,7 баллга жеткен зилзаладан 14 киши каза болуп, 370 киши жаракат алган. Титирөөнүн очогу жарым миллион калкы бар Жуйчан шаарына жакын болгондуктан, 8 миң үй зыян тартканы кабарланууда.