Зоопарктын жетекчиси Сауд ал-Шавва жаныбарлар кайтарылып берилсе 1 миң доллар берүүнү убада кылды. Кабарларга ылайык, беттери чүмбөттөлгөн 4 куралчан киши дагы бир арстанды алып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок ал катуу каршылык көргөзгөн. Бул окуя эки апта мурун орун алган экен, бирок ал тууралуу маалымат бүгүн гана таратылды.