Ош облусунун жетекчиси баштаган топ Кытайга барат

ОШ. Бул жөнүндө 28-ноябрь күнү “Азаттыкка” билдирген Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкери Таалай Абдыкадыров губернатордун милдетин аткаруучу Анвар Артыков баштаган делегация 2-декабрда Кытай Эл Республикасынын Кашкар аймагына ырасмий иш сапары менен жөнөп жаткандыгын кабарлады. Иш сапардын негизги максаты - коңшулаш Кытай Эл Республикасынын Кашкар аймагы менен экономикалык кызматташтык, облустун аймагындагы өндүрүштүк ишканаларга инвестиция тартуу жана чегара соодасын өнүктүрүү болуп саналат. Иш сапар учурунда эки өлкөнүн облустарынын деңгээлинде түбөлүк достук жана экономикалык кызматташтык боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлушу мүмкүн. Мындан сырткары алдын ала даярдалган дипломатиялык жобо боюнча Бишкек-Ош-Кашкар автожолунун долбоору да талкууга алынышы күтүлүүдө.Мындан сырткары иш сапардын алкагында Кашкар шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу да каралган.