Парламент депутаттык комиссиянын жыйынтыгын угат

БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы отурумунда депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча парламенттик комиссия ишинин жыйынтыгын угуусу күтүлүүө. Бул тууралуу парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында белгиленди. 25-октябрда парламент 7 адамдан турган атайын комиссия түзүп, анын ишинин жыйынтыгын кароону 18-ноябрга чектеген. Бирок ар кандай себептер менен ал артка жылдырылган. Буга чейин комиссия маркум депутаттын өлүмүнүн себептерин, кимдин аракеттери менен жасалгандыгын аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзгөнү, комиссияга Жаза өтөө башкармалыгынын кызматкерлери, Ички иштер, Юстиция министрликтеринин өкүлдөрү жана өкмөт башчы Феликс Кулов көрсөтмө бергени айтылган. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев ушул жылдын 20-октябрында №31 жаза өтөө жайындагы абал менен таанышуу үчүн барган учурда абакта отургандар тарабынан атылып өлтүрүлгөн.