АКШ президенти Жорж Буш Ирак «ал-Кайида» террордук уюмунун “адамзатка каршы согушунун” негизги майданына айланды деп билдирди. Мэриленддеги деңиз күчтөрүнүн академиясында сүйлөгөн сөзүндө Буш Кошмо Штаттары Иракты жалгыз калтырбайт деп ишендирди:
- Аскерлерди чыгарып кетүү процесси Вашингтондогу саясатчылар белгилеген мөөнөткө ылайык эмес, Ирактагы кырдаалга, кол башчыларыбыздын чечимине жараша жүргүзүлмөкчү.
Коалицияга каршы күрөшүп жаткан согушкерлердин көпчүлүгүн сунни арабдар түзөт. АКШ жана анын коалиция боюнча шериктери бул урушту жеңүүгө тийиш. Душмандардын Ирак элине сунуштай турган эч нерсеси жок, - деп билдирди Буш.