Кыргызстандын аймагында АВАКС үлгүсүндөгү учактар болгон эмес

БИШКЕК. Кыргызстанда АВАКС үлгүсүндөгү абадан чалгындоо жүргүзүүчү эч кандай учактар жок, болгон эмес, жакынкы келечекте да болбойт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов “Дело№” басылмасынын 30-ноябрдагы санына жарык көргөн маегинде билдирген. Министр ошондой эле эгер АКШ өкмөтү мындай учактарды жайгаштыруу өтүнүчү менен кайрылган чакта деле анын эч кандай эрөөн-терөөнү жок, тек гана сунушту сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр жолу менен дыкат иликтеп, андан кийин Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына төп келе турган чечим кабыл алынышы керек, деп белгилейт бул маегинде.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов ушул айдын он биринде өткөргөн маалымат жыйынында убагында АКШ өкмөтү жана НАТО уюмунун өкүлчүлүгү Кыргызстандын аймагына АВАКС үлгүсүндөгү абадан чалгындоо жүргүзүүчү учактарды жайгаштыруу өтүнүчү менен кыргыз өкмөтүнө кайрылганын, кыргыз бийлиги мындай сунушту четке каккандыгын билдирген.

АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Стивен Янг болсо АКШ эч убакта мындай сунуш менен кыргыз бийлигине кайрылбагандыгын бир нече курдай журналисттерге билдирген.