Н. Назарбаев кандай башкаруучу?

БИШКЕК. “Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Батыш демокартиялык мамлекеттердин мерчеми менен алганда диктатор, бирок Чыгыш элдерине жакын мерчемдер боюнча элдик президент болуп саналат”. Мындай пикирин саясат таануучу Карыбек Байбосунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Нурсултан Назарбаевдин дагы бир мөөнөткө баратканы жакынкы 2-3 жыл аралыгында Казакстанды чукул шайлоого алып келиши ыктымал:

- Менин болжолумда 2-3 жылда чукул шайлоо болот. Бирок Казакстанда революция болбойт, бирок бул өлкөдө “ак сарай төңкөрүшү” болуп кетиши толук ыктымал. Казак оппозициясын да, президенттин тегерегин да бул кишинин башкаруу ыкмасы жадатып жиберди,- дейт Карыбек Байбосунов.

Ал эми саясат таануучу Нур Омаровдун пикиринде, Казакстанда учурда татыктуу атаандаштын жоктугу жана Борбор Азия региону боюнча Казакстандын экономикалык жактан алдыда болушу бул президентке ыңгайлуу шарт түзүп берип жатат. “Интермедиа” деп аталган эларалык институт жүргүзгөн сурамжылоо казакстандык шайлоочулардын 71 пайызы Нурсултан Назарбаевге добуш берээрин көрсөткөн.