Орусия кечээ Словенияда аяктаган жыйында сунуш кылынган документтин долбоорун колдогон жок. Атап айтканда, Москва документтин адам укуктарына байланыштуу жана Грузия менен Молдованын аймагында өзүн -өзү жарыялаган республикалардан орусиялык аскерлерди чыгаруунун зарылдыгы жөнүндөгү жобосуна каршы болду. Кошмо Штаттар буга жооп кылып, эгер Москва аскерлерди чыгаруу жөнүндөгү талапка баш ийбесе, кадимки курал –жарактарды кыскартуу жөнүнгдөгү жаңы келишимге кол койбосун билдирди. Жыйыныда ошондой эле ЕККУ уюмунун дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү шайлоолорго байкоо жүргүзгөн миссиясынын статусу боюнча да кызуу талаш- тартыштар жүрдү. Орусия аны ишин өзгөртүүнү талап кылса, АКШ менен Евробиримдик байкоочулар тобунун ишин алсыратуучу кадамдарга каршы чыкты. Өткөн жекшембиде президенттик шайлоо болгон Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев өз сөзүндө ЕККУ уюмунун шайлоого берген терс баасын сынга алды. Анын айтымында , ЕККУнун байкочулар миссиясынын тыянагы анын тууралыгынан күмөн санатууда. ЕККУнун байкоочулары Казакстандагы президенттик шайлоо эл аралык демократиялык стандарттарга жооп берген жок деген баа берген эле.