Казакстандыктар Кыргызстандан саясий башпаанек сурашууда

БИШКЕК. Казакстандык атуулдар Азамат Жетписбаев менен Махамбат Абжан кыргыз бийлигинен саясий башпаанек сурап кайрылышты. Алар жазган кайрылуу 17-декабрда президент Курманбек Бакиевдин колуна тийди. Бул тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдрасулова Азаттыкка билдирди. Казакстандык бул уландар жакынкы күндөрү БУУнун качкындар боюнча комиссиясына качкын макамын сурап кайрылышы да күтүлүүдө. Казакстандын атайын кызматтары аларга издөө жарыялап, Астана полициясы экономикалык иштер боюнча кылмыш ишин козгогон. Азамат Жетписбаев менен Махамбат Абжан “Жас патриот” гезитин чыгарып, ал аркылуу Нурсултан Назарбаевдин отставкасын талап кылып келишкен. Казакстан патриоттук жаштар кыймылынын лидери Махамбат Абжан учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Азиза Абдрасулованын пикиринде, кыргыз тарап Махамбат Абжанды Казакстанга убактылуу болсо да бербей кармап турганы оң.