Искак Раззаковдун 95 жылдыгы белгиленди

БИШКЕК. 20-декабрда белгилүү мамлекеттик ишмер Искак Раззаковдун 95 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Бишкекте Раззаковдун үй-музейи ачылып, Аларча көрүстөнүндөгү эстелигине гүл чамбар коюлду. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өткөрүлгөн Раззаковду эскерүү кечесинде президент Курманбек Бакиев Искак Раззаковдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, кыргыз элинин келечеги үчүн жасаган иштерине токтолду.

Искак Раззаков 1950-1961-жылдары Кыргыз Республикасын жетектеп турган мезгилде бир катар Жогорку окуу жайлар, илимдер Академиясы, Телеборбору, “Кыргызфильм” киностудиясы ачылып, бир нече ГЭСтер курулган. Аны Коммунистик партиянын Борбордук комитети улутчул, бюджеттин акчасын максатсыз пайдаланган деген шылтоо менен биринчи катчылыктан бошотуп, Москвага кызматка которгон. Искак Раззаков 1979-жылы 19-мартта Москвада каза болуп, сөөгүн мекенине алып келүүгө ошол кездеги Кыргызстандын биринчи катчысы каршы болуп койгон экен. 2000-жылы мурдакы президенттин демилгеси менен Ош облусунун мурдакы губернатору Темирбек Акматалиев баштаган топ Раззаковдун сөөгүн Бишкекке алып келип, Аларча көрүстөнүнө жаңыртып коюшкан.