«Пирамида» боюнча парламенттик комиссия ишин аяктады

БИШКЕК. «Пирамида» телерадиокомпаниясы боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия иликтөө ишин аяктады. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Кабай Карабеков 22-декабрда билдирди. Анын айтымында, аталган телекомпаниянын 50 пайыз акциясына ээ болгон «Медиа-Инвест» уюмуна ээлик кылган «Инвест-Тел» компаниясы жасалма жол менен түзүлгөн жана анын чыныгы кожоюндары аныкталган эмес. Ал эми «Медиа-Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомун «Пирамида» телерадиокомпаниясы сотко бергенин аталган телекомпаниядан ушул эле күнү билдиришти. Ошол эле учурда «Инвест-Тел» компаниясынын өкүлдөрү «Пирамиданын» акцияларына мыйзамдуу ээ болушканын айтышууда. Аталган телерадиокомпанияга байланышкан ишти Жогорку Кеңеш жакын арада карашы күтүлүүдө.