Келерки жыл башында мал каттоо башталат

БИШКЕК. Келерки жылдын 1-январынан баштап малдын бардык түрү жана үй канаттуулар каттоого алынат. Ар бир айыл, поселок жана шаар кеңештеринде чарба боюнча китеп, үй чарбасы боюнча алфавиттик китеп киргизилет. Мындай буйрукка өкмөт башчы Феликс Кулов ишембиде кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Буйрукка ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өз алдынча башкаруу органдары жумушчу комиссия түзүп, малдын бардык түрүн жана үй канатууларын каттап, Улуттук статистика комитети алгачкы маалыматты өкмөткө 27-январда тапшыруусу керек.