Жекшембиде парламенттик шайлоонун тегерегиндеги көчө кагылыштарында дагы беш ирактык жана бир америкалык жоокер курман болду. Өлкө президенти Жалал Талабани жекшембиде суннилердин жетекчилерине кайрылып, коалициялык өкмөткө кирүүгө үндөдү. 15-декабрда өткөн парламенттик шайлоодо шийилердин биримдиги алдыга озуп чыкканы Ирактык суннилердин нааразычылыгын жаратып, алар парламентке бойкот жарыялаарын эскертишкен. Ал тапта “Ал-Каиданын” Ирактагы бөлүмү АКШ командачылыгы жана Ирактын өкмөтүндө иштеген 3 арап аял менен бир эркекти уурдап кетип өлтүргөнүн жарыялады.