Польшанын өкмөтү Ирактагы аскерий контингенттин мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу чечимин кабыл алды.

Кошмо Штаттары Варшаванын бул кадамын кубаттады.
Польшалык аскерлер Иракта 2006-жылдын этегине чейин кала берет, бирок алардын саны кыскартылмакчы.
Бул чечим өлкөнүн президенти тарабынан бекитилүүгө тийиш.
Буга чейин бир катар өлкөлөр Ирактагы жоокерлерин чыгарып кетүүнү чечишкен.